Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы: Майрамыңыздар менен!

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленүүдө. Өлкө боюнча «Өлбөс полк» жүрүшү өтүүдө. Бишкекте да «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулду. Жүрүшкө чыккандар кан майданда эл-жери үчүн согушкан аталарынын, агаларынын, жакындарынын, тылда эрдик көрсөткөн апаларынын, жакындарынын замандаштарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Жол боюнда аларды шаардыктар тосуп алышты.

Бишкектеги «Өлбөс полк» жүрүшү Апсамат Масалиев проспектисинен чыгып, Жусуп Абдрахманов көчөсүнө, андан Жеңиш аянтына келет.

Бишкекте 9-майда саат 09:30да Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган негизги иш-чара башталды.

9-майда саат 11:00дө Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта «жоокер боткосу» берилет;

10-майда саат 14:00дө  «Диалог» аттуу шаардык маданият үйүндө «Биз эстейбиз» аттуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык кече өтөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар.Алардын ичинен 8и — согуштун түз катышуучулары. Аймактар боюнча: Бишкек — 4, Чүй облусунун Жайыл району — 2, Нарын облусунун Ат-Башы району — 1, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.

Мындан тышкары, өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек мурдагы 6 туткуну жашайт: алардын 4ү Бишкек шаарында,  Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында. Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар: алардын 8и Бишкекте, Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында жашайт.

 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам төлөнөт. Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгону тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.  

Майрамыңыздар менен!

Сүрөт: Бишкектеги «Өлбөс полк» иш-чарасынан. 24kg агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты