Улуу Британияга визага өтүнмөлөрдү Кыргызстанда берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү

  • 1 месяц мурун

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) консулдук департаменти Улуу Британиянын виза борборунун оператору «TLS Contact» компаниясынан «VFS Global» компаниясына алмашуусуна байланыштуу, 2024-жылдын 5-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Улуу Британияга баруу максатында визалык өтүнмөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндү тууралуу маалымдады.

Виза борбору кошумча маалымат берилгенге чейин дүйшөмбү-жума  күндөрү 09:00дан 17:00гө чейин ишин алып барат.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты