Улуу Британия королунун иниси Эндрю Маунбаттен-Виндзор 12 саат сурактан кийин бошотулду
- 4 месяца мурун
Улуу Британиянын королу Карл III түн иниси Эндрю Маунтбеттен-Виндзор 12 саат суракка алынгандан кийин бошотулду. Бирок анын тергөө иши улантылат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы билдирди.
Эндрю Маунтбеттен-Виндзор полицияда 12 саат суракта болгон. Полиция Эндрю Маунбаттен-Виндзор полициянын көзөмөлү алдында болорун, тергөө улантылып жатканын билдирди.
Улуу Британияда король Карл IIIтүн иниси Эндрю Маунтбеттен-Виндзор кармалганы тууралуу маалымат жарыя болгон.
Эндрю Маунтбеттен-Виндзор кызматтык кылмышка шектелүүдө. Полиция Маунбаттен-Виндзор америкалык финансист, секс-кылмышкер Жеффри Эпштейнге купуя маалыматтарды бериши мүмкүн деген билдирүүлөрдү текшерүүдө. Ал учурда Эндрю Маунбеттен-Виндзор Улуу Британиянын эл аралык соода жана инвестиция боюнча атайын өкүлү болуп иштеген.
Эндрю 66 жашка чыккан өзүнүн туулган күнүндө кармалган. Король Карл III инисинин иштери иликтениши керек дегенди колдоду.
Сүрөт: Эндрю Маунтбеттен-Виндзор. Adrian Dennis/AFP




