Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү (сүрөт)

  • 2 года мурун

Бишкектеги Улуттук тарых музейи ремонт иштеринен кийин салтанаттуу ачылды. Ал эми эртең, 20-ноябрдан тарта музей бардык каалоочулар үчүн өз эшигин ачат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, биринчи он күндүктө, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.

Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү (сүрөт)
Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү (сүрөт)
Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү (сүрөт)
Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү (сүрөт)

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, жарандарга бет кап кийүү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.

Музейге кирүү алдында жарандар музейге кирүү тартиби жана экскурсия талаптары менен тааныша алышат.

Буга чейин Кыргыз өкмөтү улуттук тарых музейи үчүн программалык камсыздоону иштеп чыккан немис компаниясынын карызынан кутулганын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирген. Анын айтымында, 225 млн евро көлөмүндөгү карыз мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөндү.

2018-жылдын 31-декабрында УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып коюлган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты