Казань шаарында Кыргыз Республикасынын башкы консулдугу ачылды  

  • 2 месяца мурун

21-февралда Казань шаарында Кыргыз Республикасынын башкы консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы президент Жапаровдун Татарстанга 20-21-февраль күндөрүнө туш келген жумушчу сапарынын алкагында болду.

Салтанатка тышкы иштер министри Ж.Кулубаев, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М.Азымбакиев жана Казань шаарындагы Башкы консулу Э. Бейшембиев катышты.

Иш-чарага ошондой эле Татарстандын мамлекеттик кеңешинин төрагасынын орун басары Ю.Камалтынов, ТРнын Мамлекеттик кеңешинин комитетинин төрагасы К.Садриев, Россияные Тышкы иштер министрлигинин Казань шаарындагы өкүлү Р.Вахитов жана башкалар, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Казань шаарында жашаган мекендештер катышты.

Башкы консулдуктун консулдук округуна Татарстан, Башкортостан, Марий Эл, Мордовия, Удмуртия, Чувашия жана Ульяновск облусу аймактары кирет.

Анда жашаган кыргызстандык жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрүн алуу үчүн башкы консулдукка кайрыла алышат.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты