Тарых музейи ачылгандан бери көрүүчүлөрдөн 2 млн сомдон ашык каражат түштү

  • 2 года мурун

Улуттук тарых музейи ачылгандан бери 22,5 миңдей көрүүчү кирди жана көрүүчүлөрдөн эки миллион сомдон ашык акча түштү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 1-февралда басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата музейдеги экспонаттардын саны 1 миң 600дөн 4 миң 500гө көбөйдү, жаңы 300дөй көргөзмө витринасы коюлду. Музей ремонттон кийин ачылгандан бери көрүүчүлөрдөн эки миллион сомдон ашык акча түштү.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Бишкектеги Улуттук тарых музейи беш жылга созулган ремонт иштеринен кийин салтанаттуу түрдө ачылган. Маданий жай жаңы ачылган күндөрү көрүүчүлөрдүн узун кезеги пайда болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты