Тарых музейи ачылуу алдында турат

  • 3 года мурун

Кыргыз өкмөтү Улуттук тарых музейи үчүн программалык камсыздоону иштеп чыккан немис компаниясынын карызынан кутулду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, 225 млн евро көлөмүндөгү карыз мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөндү. Бирок азырынча музейдин качан ачылары белгисиз. Ноябрь айынын аягында ишкананын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, программалык камсыздоону ишке киргизишет.

«Ошондон кийин гана музейдин качан ачыла турганын айта алабыз», — деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев Тарых музейи мамлекет германиялык компанияга 225 миң евро карызды төлөгөн соң ачыларын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты