Улуттук госпиталда медициналык тез жардам бөлүмү ачылды

  • 3 недели мурун

15-сентябрда саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаңы борборлоштурулган тез медициналык жардам бөлүмү ачылды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, иш-чара министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов, Кувейттин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана башкармалыгынын төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, Улуттук госпиталдын жамааты жана башка коноктордун катышуусунда өттү.

«Ас-Сафа» коомдук бирикмесинин колдоосу менен ал жерде бардык зарыл болгон курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, бейтаптарды кабыл алууга жана медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Жаңы борбор Улуттук госпиталдын негизги тез жардам кызматтарын бир чатырдын астында бириктирет. Бул медициналык адистердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга жана оор кырдаалдарда жардам көрсөтүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Бөлүмгө төмөнкүлөр кирет: нейротравматологиянын кабыл алуу бөлүмү; жаак-бет хирургиясы; манжа микрохирургиясы; көздүн микрохирургиясы №2 (көздүн тез жардам бөлүмү); ыкчам урология; травматология; ЛОР (кулак, мурун, тамак); ыкчам хирургия; терапия кабыл алуу бөлүмү; проктология; ыкчам неврология; кан тамыр хирургиясы. Медициналык жардамды эң жогорку деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүндүк берген заманбап жабдылган операциялык жана реанимация блокторго өзгөчө көңүл бурулду.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов Кыргызстандын медициналык инфраструктурасын өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн Кувейт кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты