Улуттук банк эсептик ченди 12 пайызга чейин жогорулатты

  • 2 месяца мурун

Улуттук банк башкармалыгы 23-февралда эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунктка, 12 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 24-февралдан тартып күчүнө кирди. 

Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

«Тышкы экономикалык чөйрөдө абал бир калыпта болбостон, мурдагыдай эле белгисиздик жагдайы жогору бойдон сакталып калууда. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда товарлардын негизги түрлөрүнө баалардын өсүш арымынын акырындык менен басаңдашы байкалууда. Бирок Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляция жогору бойдон сакталууда. Калктын керектөө куржунунда импорттун үлүшү басымдуу болгондуктан, тышкы чөйрөдөгү өзгөрүүлөр, мурдагыдай эле ички бааларга таасирин улантууда. Мындан аркы баа динамикасынын келечеги көбүнчө глобалдуу товар жеткирүү байланышынын жана соода агымдарынын туруктуулугуна жараша болот. Ал эми геосаясий абалдын курчушуна, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын фрагментациясына байланыштуу, алар үчүн тобокелдиктер сакталып калууда. Мындай шарттар Кыргыз Республикасында баа туруктуулугун камсыз кылуу үчүн, акча-кредит саясатын жүргүзүүгө кылдат мамиле кылууну талап кылат» деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.   

Кыргыз Республикасында инфляция 2026-жылдын башталышынан 13-февралга карата абал боюнча 1,8 пайызды түзгөн (жылдык мааниде – 9,6 пайыз).

2026-жылдын январь айында өлкөнүн реалдуу ИДӨсү 9,0 пайызга өскөн.

Акча-кредит шарттары улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо аркылуу баа туруктуулугун орто мөөнөттүү мезгилде 5-7 пайыз максаттуу көрсөткүчтүн чегинде камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт.

«Бүгүнкү күндө инфляциянын басаңдашы үчүн туруктуу шарттарды түзүү максатында акча-кредит шарттарын катуулатуу зарыл. Буга байланыштуу Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмү 12,00 пайызга чейин жогорулатылды» деп белгиледи Улуттук банк. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 27-апрелде өтөт. 

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты