БШК төрагасынын орун басары алмашты

  • 4 недели мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын(БШК) төрагасынын орун басары алмашты. Бахадыр Коңуров БШК төрагасынын орун басары кызматын тапшырып, анын ордуна БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева шайланды.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Бүгүн, 14-апрелде, Бахадыр Коңуров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматын тапшырды.

Анын ордуна БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева төраганын орун басары болуп шайланды.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты