Улуттук банк коммерциялык банктарга мурда чет элдик валюта түрүндө берилген кредит шарттарын кайра кароону сунуштады  

  • 2 года мурун

Улуттук банк коммерциялык банктарга мурда чет элдик валюта түрүндө берилген кредит шарттарын кайра кароону сунуштады  

Улуттук банк коммерциялык банктарга мурда чет өлкө валютасында берилген кредиттерди реструктуризациялоого жана конвертациялоо жолу менен кредит шарттарын кайра карап чыгууну сунуштайт.  

Улуттук банк кредитти төлөө боюнча көйгөйлөр жаралган учурда карыз алуучуларга кредитти реструктуризациялоо өтүнүчү менен кредит алган банктын өзүнө кайрылууну сунуштайт. Мында чет өлкө валютасындагы кредитти тейлөө боюнча финансылык көйгөйлөрдүн жаралгандыгын карыз алуучу тастыктайт (документтерди, маалым каттарды жана башка кайсы болбосун маалыматтарды берүү). 

Карыз алуучунун арызынын/кайрылуусунун негизинде коммерциялык банктар кредиттин валютасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы мүмкүндүгүн кошумча белгилейбиз. Кредиттин валютасын өзгөртүү тараптар макулдашкан шарттарда жана карыз алуучу макул болгон учурда гана өзгөртүлүшү мүмкүн. 

10-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаал дүйнөлүк экономикага жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир тийгизип жатканын белгиледи. Каатчылыкка каршы атайын иш план иштелип чыгып, валюта рыногун жөнгө салуу жана баалардын өсүшүн көзөмөлдөө чаралары каралууда. Анын ичинен насыяларды төлөө, азык-түлүк менен камсыздоо жана жөлөк пул берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Ал эми насыя алгандарга курстун баасын белгилеп, конвертациялоо маселеси каралып жатат. Эгер маселе чечилсе, доллардын курсу 85-90 сом менен конвертацияланып, калган акча бюджеттин эсебинен толукталат, -деп билдирген министр Амангелдиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты