Доллар менен кредит алгандарга өкмөт жардам берет

Бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы каралууда.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаал дүйнөлүк экономикага жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир тийгизип жатканын белгиледи

-Андыктан каатчылыкка каршы атайын иш план иштелип чыгып, валюта рыногун жөнгө салуу жана баалардын өсүшүн көзөмөлдөө чаралары каралууда. Анын ичинен насыяларды төлөө, азык-түлүк менен камсыздоо жана жөлөк пул берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда, – деди.

Талкуу маалында Надира Нарматованын “Доллар менен насыя алгандарга кандай көмөк көрсөтүлөт?” – деген суроосуна:

 -Курстун баасын белгилеп, конвертациялоо маселеси каралып жатат, – деп жооп берди министр.

Эгер маселе чечилсе, доллардын курсу 85-90 сом менен конвертацияланып, калган акча бюджеттин эсебинен толукталат.

Ал эми депутат Алишер Козуев көпчүлүк эл аралык келишимдер доллар менен түзүлгөнүнө токтолду.

-Аларды улуттук валютада жүргүзүү боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?” – деген суроо узатты.

Өз кезегинде Данияр Амангелдиев мындайча жооп берди:

-Өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, төлөмдөрдү улуттук валюталарда жүргүзүүнү карап жатабыз. Алсак, Россиядан келүүчү күйүүчү-майлоочу каражаттарга рубль менен төлөө жагы мерчемделүүдө, – деди.

Сүрөт: Видеодон.

Ошондой эле депутат Жанарбек Акаев эмгек мигранттары да Кыргызстанга кайтып келээри күтүлүп жатканын айтты.

-Бул албетте жакшы. Бирок тилекке каршы биз аларды иш менен камсыздай албайбыз. Министрлер кабинети жумуш орундарын берүү боюнча Араб жана Чыгыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабы?”– деген суроо берди.

Министр айтылган маселе иш планда бар экенин маалымдап миграциялык режимди жеңилдетүү боюнча Корея, Түркия өңдүү мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Андан тышкары, депутат Адахан Мадумаров аба каттамдары азайгандыгына байланыштуу Россияда каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү жаатында кыйынчылык туулуп жатканын айтып, аталган маселени ыкчам чечүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты