Улуттук банк коммерциялык банктардын иши боюнча токтомуна өзгөртүү киргизди

  • 2 года мурун

Улуттук банктын башкармалыгы 27-июлда «айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.

Документке ылайык, 2010-жылдын 26-майындагы Улуттук банктын № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго, ошондой эле, 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, коммерциялык банктарга кошумча укуктар берилет. Тактап айтканда, «банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө» коммерциялык банктар эми төмөнкү функцияларды атакара алышат:

— өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү;

— акча которуу системалары аркылуу акча которууларды ишке ашыруу;

— аларды банкка өткөрүп берүү максатында банктык эсеп ачууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;

— банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;

Аталган токтомго ылайык, электрондук кол тамга жана банктык карталарды колдонуу боюнча да жаңы өзгөрүүлөр киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты