Улуттук банк кирешесин республикалык бюджетке которот

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 27-январда, Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Улуттук банктын кирешесин которуу маселелери жөнүндө мыйзам долбоору каралып, үч окууда колдоого ээ болду. 

Демилгечи — Министрлер кабинетинин төрагасы. 

Финансы министринин орун басары Руслан Сүйүналиев белгилегендей, мыйзам долбоору 2024-жылдагы Улуттук банктын кирешесин республикалык бюджетке жүз пайыз өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты