Улуттук банк эсептик ченди 9,25 пайызга чейин жогорулатты

  • 12 месяцев мурун

Улуттук банк башкармалыгы 2025-жылдын 28-июлунда эсептик ченди (негизги чен) 25 базистик пунктка, 9,25 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 29-июлдан тартып күчүнө кирет.

Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасында инфляция орточо чекте сакталып турат. Инфляциянын көрсөткүчү 2025-жылдын башынан тартып 4,6 пайызды, жылдык мааниде –8,7 пайызды түздү. Учурдагы баа динамикасы убактылуу жана сезондук факторлор менен, анын ичинде өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги төмөн статистикалык базанын таасири астында шартталган.

Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобуна баалардын көбүрөөк өсүшү убактылуу жана сезондук факторлордон улам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндөгү салыштырмалуу жогору инфляциянын алкагында байкалган. Инфляциянын азык-түлүктөн башка бөлүгүнө тарифтерди план чегинде жогорулатуунун алкагында электр энергиясына бааларды корректировкалоо негизги салымды кошкон. 

Улуттук банктын акча-кредит саясаты келечекке багытталгандыгын эске алуу менен, өлкөдө орто мөөнөттүү мезгилге карата баа туруктуулугун сактоо үчүн бүгүнкү күндө эсептик чендин өлчөмүн 25 базистик пунктка 9,25 пайызга чейин жогорулатуу максатка ылайык деп каралууда.  

Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки отуруму 25-августта өтөт. 

Эсептик чен экономикадагы акча ресурстардын наркын аныктоочу негизги ориентир болуп эсептелет. Эсептик ченди өзгөртүү менен Улуттук банк финансы ресурстардын наркын жөнгө салат, ошону менен кредиттер жана депозиттер боюнча чендерге да таасирин тийгизет.

Иллюстрациялык сүрөт: Улуттук банк

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты