Улуттук банк эсептик ченди 9,25 пайыз деңгээлинде калтырды
- 11 месяцев мурун
Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 25-августунда эсептик ченди (негизги чен) 9,25 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2025-жылдын 26-августунан тартып күчүнө кирди.
Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасында инфляция 2025-жылдын башталышынан тартып 5,0 пайызды, жылдык мааниде 9,4 пайызды түздү. Учурда түптөлгөн инфляция, азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу коньюнктурасынын алкагында тышкы факторлордун таасири астында жана жогору суроо-талап менен катар Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө баа динамикасынын сезондуу өзгөрүшү менен шартталган. Мындан тышкары, инфляцияга электр энергиясына тарифтерди ар жылдык кайра кароо да таасирин тийгизүүдө.
Кыргыз Республикасында реалдуу ички дүң продукциясынын өсүшү 2025-жылдын январь-июль айлары ичинде 11,5 пайызды түзгөн.
«Бүгүнкү күндө тышкы чөйрөдө белгисиздик, Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө геосаясий курч абалдын жана инфляциялык басымдын сакталып турушунун алкагында жогору сакталып турат. Мындай шарттарда инфляция факторлоруна баа берүүнү, ошондой эле Улуттук банктын акча-кредит саясатынын келечек багытын эске алуу менен эсептик чен өлчөмү 9,25 пайыз деңгээлинде сакталды» деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2025-жылдын 27-октябрында өтөрү белгиленди.
Сүрөт: Интернет булактарынан




