Улуттук банк эсептик ченди 11 пайызга чейин жогорулатты 

  • 2 недели мурун

Улуттук банк башкармалыгы 24-ноябрда эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунтка 11,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул чечим 25-ноябрдан тартып күчүнө кирди.  

Бул тууралуу Улуттук банк сайтында маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасында инфляция деңгээли 2025-жылдын башталышынан тартып 7,3 пайызды, жылдык мааниде 8,9 пайызды түздү.

«Учурда өлкөдөгү баа динамикасы тышкы экономикалык шарттардын таасиринде калыптанууда, алардын ички бааларга болгон таасири олуттуу бойдон калууда. Азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалар өсүүдө, ал эми региондогу өлкөлөрдө инфляция жогору бойдон калууда. Бул факторлор өлкөгө импорттолгон товарлардын баасына таасир берүүдө. Учурдагы инфляциянын түзүмүндө, негизинен импорттолуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын наркынын, электр энергиясына тарифтердин жогорулашы, ички керектөөнүн көбөйүшү жана бул факторлордун кыйыр таасири эсебинен азык-түлүктөн башка товарларга баалардын жогорулашында байкалууда. Ал эми азык-түлүк товарларына баалар салыштырмалуу орточо өсүш динамикасын көрсөтүүдө» деп айтылат маалыматта.  

Айтылгандай, өлкөдө экономикалык жигердүүлүк жогору бойдон сакталууда. 2025-жылдын январь-октябрь айларында реалдуу улуттук дүң продукциясынын туруктуу керектөө суроо-талабына жана инвестициялык жигердүүлүктүн өсүшүнө байланыштуу 10 пайызга жогорулаган.

Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 26-январында өтөт. 

Сүрөттө: Жаңы ачылган Улуттук банк имараты. president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты