Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты
- 1 месяц мурун
Улуттук банк 27-октябрда эсептик ченди (негизги чен) 75 базистик пунктка, 10,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 28-октябрдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында инфляция 2025-жылдын башталышынан тартып 6,2 пайызды, жылдык мааниде – 8,4 пайызды түзгөн. Керектөө бааларынын индексинин түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобунан инфляциялык таасирдин тышкы чөйрөдөгү тобокелдиктер балансынын өзгөрүүсү менен шартталган азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөр жагына жылышы байкалууда. Өлкөдө инфляциянын учурдагы деңгээлине тышкы рыноктордо энергоресурстарды сунуштоонун чектелиши жана туруктуу керектөө суроо-талаптарынын сакталышы менен бирге кызмат көрсөтүү секторунун айрым сегменттеринде коромжулардын наркынын өсүшү таасирин тийгизүүдө.
Экономикасынын өсүш арымынын жогору болушу өлкөдөгү керектөөчүлүк жана инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашы менен шартталган – 2025-жылдын тогуз айында реалдуу ички дүң продукциясы 10 пайызга өстү.
Жалпысынан акча-кредит шарттары өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту сактоого өбөлгө түзүүдө.
Тышкы чөйрө дүйнөлүк соода эрежелеринин өзгөрүшүнө жана глобалдык экономиканын бытырандылыгына байланыштуу геосаясий тобокелдиктердин жогорулашы алкагында жогорку деңгээлдеги белгисиздик менен мүнөздөлөт, бул энергоресурстарга жана азык-түлүккө дүйнөлүк баанын туруксуздугуна алып келет жана бул өз кезегинде ички бааларга да таасирин тийгизет. Мында керектөө суроо-талабынын жогорулашынын жана тарифтик саясатты пландуу кайра кароонун өлкөдөгү инфляция деңгээлине тийгизген таасири күтүүлөрдүн чегинде орточо деңгээлде бааланат. Бүгүнкү күндө көбүнчө тышкы жагдайлар жакынкы келечекте Кыргыз Республикасындагы инфляциянын траекториясы үчүн туруксуздукту жаратат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө кыйла кылдат мамилени талап кылат.
Бул шарттарда инфляциянын тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү, ошондой эле Улуттук банктын келечекке багытталган акча-кредит саясатын эске алуу менен эсептик чендин өлчөмү 10,00 пайызга чейин жогорулатылды.
Улуттук банк эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2025-жылдын 24-ноябрында өтөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




