Улуттук банк 20 күндө 63 кг алтын куймасын сатты

  • 2 года мурун

Улуттук банк 28-февралдан 22-мартка чейин 413,3 млн сомго 63 кг алтын куймасын сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында айтылат.

Башкы каржы көзөмөл мекемесинен билдиришкендей, учурда алтындын бардык куймаларына суроо-талап болууда.

Президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Кийин 1-мартта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирген.

Улуттук банк март айына карата алтын валюта кору 2,7 млрд. АКШ доллардан ашык каражатты түзөрүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты