Улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмышка шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына мезгил-мезгили менен кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап турду деген айып менен кыргызстандык «Э.Б. аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен “Э.Б.” аттуу жаранды камакка алуу бөгөт чарасы сырттан тандалган.

Ушул жылдын 6-сентябрында “Э.Б.” аттуу жаран Россиянын мыйзамдарын бир нече жолу бузууга жана Россияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарынын Преображенский райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагына депортацияланган.

Ушул жылдын 7-сентябрында “Э.Б.” аттуу жаран КР кылмыш кодексинин 330-беренесинин 2 б. 1 п. боюнча кылмыш жасады деп шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу камак жайына камалды

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты