Улгайган ата-энесин багуудан качкандардын жазасын күчөтүү мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза жана үй-бүлө кодекстерине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдак кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө болуп саналат.

Икрамов депутаттардын бардык сунуштары экинчи окууга чейин эске алынарын, жазалоо механизми бар экенин, жараян соттун чечими менен ишке ашарын билдирди:

“Кайсы гана ата-эне болбосун, өз баласына каршы эч качан арыз жазбайт экен. Бул мыйзам кабыл алынып калса, ата-энеден арыз керек эмес болот. Мекемеге түшкөндө ошол мекеменин директору жергиликтүү тийиштүү органдарга кайрылат. Алар кандай балдары бар экенин, каерде иштей турганын, баарын тактап, ошонун негизинде сотко жөнөтүлөт”.

Талкууда депутат Дастан Бекешев балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге да жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Депутат Камила Талиева балдарына арыз жазган ата-энелердин санын тактады. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, быйыл 6 айдын ичинде карылар үйүндө жашаган 19 адамдан балдарынан алимент өндүрүү боюнча  арыздар катталган.  

Депутаттар Жаныбек Кыдыкбаев, Медер Алиев, Бактыбек Чойбеков аталган мыйзам долбоорун колдоого алышты.  Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова мыйзам долбооруна ата-энесин багуудан качкан балдар алимент толук төлөгөн учурда жоопкерчилик тартпайт деген толуктоо киргизүү сунушун көтөрдү.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты