Улан Жусупов Улуу Британиядагы элчи кызматынан бошотулду

  • 4 месяца мурун

Улан Жусупов Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп мындан төрт жыл мурда дайындалган. 

Сүрөттө: Улан Жусупов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты