Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жусупов буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеген.

Кыргызстандын Королдуктагы мурдагы элчиси Эдил Байсалов 2021-жылы сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты