Укук коргоочу Азиза Абдурасулова: Бул саясий куугунтук деп эсептейм   

Бүгүн, 27-октябрда, укук коргоочу Азиза Абдурасулова саясатчылардын жана активисттердин кармалуусунда укук коргоо органдары жана сот тарабынан укук бузуу болгондугун, айып коюлгандарга айып коюлгандыгы жана кылмыш жасалгандыгы тууралуу эч кандай токтом берилбегендигин 24 kg агенттигиндеги пресс-конференцияда билдирди.

-Кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш болду деп 20-октябрда катталды. Саясатчылар, жарандык коом, 22-октябрда кафеде жолугушкан экен. Кылмыш болду дегени 29-октябрда катталып жатат. Мени таң калдырганы 18 инде кабар түшүп, 20сында РППга катталса, тигилер, 22синде чогулуп, анан 23үндө кармалып жатат. Кылмыш али боло элек, бирок кылмыш каттоолор болуп жатты деген бул чоң суроо. Мен бул суроого жооп бере албайм.

Экинчи момент, сотко алып келе баштаганда өтө чоң, одоно, Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй, мыйзам бузуу, процессуалдык норманы бузуу болду. Мисалы, мен кармалсам, мени санкцияга алып барыш үчүн сөзсүз түрдө кылмыш ишин козгогондугу тууралуу токтом, анан айып тагуу тууралуу токтому болуш керек. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана айыбын угузуу деп аталат бул. Сөзсүз бул болуш керек.

Ал болмоюнча, бир дагы судья санкцияны карабаш керек, караганга укугу жок. Кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан адамдын адвокаты «мен тааныштым» деп кылмыш иши козголгон токтомго кол коюп бериш керек. Судья андай санкцияны карай баштаганда «токтомду алдыңарбы, тааныштыңарбы» деп сураш керек. Ушул нормалар сакталган жок.

23-октябрдан 24-октябрга караган түнү соттордо таң атканча турдук, мен айткан эки токтомдун бири дагы болгон жок. Адвокаттар ушул эки токтом жок экен, ушуну алдыргыла дегенде, судья тергөөчүгө жиберип алдырып келди. Бул бир эле иште ушинтти, калган судьялар буга көңүл бөлгөн жок. Анан өздөрү окугандан кийин «муну бере албайбыз» дешип, адвокаттарга дагы, айыпкерлерге дагы тааныштырган жок.

Адвокаттар кармалгандарга кандай күнөө коюлуп жаткандыгын билбейт, айыпкерлер өздөрү да билбейт. Ошол эле убакта ЖМК аркылуу көп нерселер айтылып жатат. Эмнегедир бул соттун жүрүшүндө сыр катары айтылат, бирок коомчулукка кетип жатат.

Өзүбүз кармалгандардын, чакырылгандардын базасын тактадык, менин базамда 28 адамдын тизмеси бар. 28 адамдын ичинен Канышай Мамыркулова чакырылды, бирок ага карата кылмыш  иши жок. Экинчи Таалай Эшалиев деген жигит ооруканада жатат, бул жигитти дагы эс-учун жоготкон абалда кардиологияга алып барды, сот анын өзү жок карай албаймын деп эс-учун жоготкон абалда «Тез жардамга» салып алып келип, коридорго жаткырып, анан сот чыгып «ии, ушул, Таалай Эшалиев экен» деп чечим чыгарып жатат. Кандай шартта санкцияар каралды деген — ойлонуучу маселе.

Таалай Мадаминов кант диабети менен ооруган жигит, анын инсулинин алып коюшкан, инсулин анын жашоо, өмүрү, инсулинди кийин гана беришти.

Нурлан Асанбеков жалгыз бой ата, 10 жашар кызы квартирада жалгыз калган, 73 жаштагы чоң апасы бар, Аны туугандарына алып бардык.

Сотто судьялар баш коргоо чарасын караганда 278-берененин 1-пункту боюнча айып коюшкан, бул оор кылмыш болуп эсептелет, 7 жылдан 10 жылга чейин камалат, бул берене боюнча айып коюлгандар үй камагына чыгарылбайт. Жыйынга катыштыбы-катышпадыбы, комитетке мүчө болдубу-жокпу, ал эске алынбастан, баарына 278-берене коюлуп жатат.

Гүлнара Журабаева орус тилдүү, кыргызча билет, бирок орусча сүйлөйт, ага котормочу да камсыздандырылбай, сотто баш коргоо чарасы каралды.

Бул саясий куугунтук деп эсептейм, — деди укук коргоочу Азиза Абдурасулова.

Мындай нерсе мурда да болгон, 2017-жылы 25-мартта массалык куугунтук болгон, Садыр Жапаров келгенде, 20дан ашык адам кармалган. Бирок берене нормалары азыраак эле. Ал адамдарды тергөөдө коргоп жүргөм.

Мына, «Азаттыкка» чектөө кирип жатат, Кыргызстанда адам укуктары бузулууда. Биз президентибиз тарабынан, бийлик тарабынан каралбаса, үнүбүз угулбаса, анда сырттагы уюмдарга, эл аралык уюмдарга кайрылууга мажбур болобуз,-деди Азиза Абдурасулова.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалды.

Адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты