Укук бузуу кодексине жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамына өзгөртүүлөргө кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды

Мыйзам 2025-жылдын 11-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

-камактын мөөнөтүн жети суткадан он төрт суткага чейин көбөйтүү;

-үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузууларды жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө дайындалуучу электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү киргизүү;

“Үй-бүлөлүк зомбулук” аттуу 70-беренени “куугунтуктоо” түшүнүгү менен толуктоо;

-үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууну жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программадан же белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү өтүүдөн баш тартуусу үчүн жети суткадан он төрт суткага чейин камакка алуу түрүндө жаза чарасын колдонууну бекитүү;

-ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ар бир билдирүү боюнча тобокелдиктерге баа берүү боюнча ыйгарым укуктарды бекитүү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты