Украинадагы согушта  каза тапкан кыргызстандык жигиттин сөөгү Кара-Ой айылында жерге берилет

  • 1 year мурун

Украинадагы согушта теги кыргызстандык 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев аттуу жоокер каза тапты.  

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги теги кыргызстандык, Россиянын жараны каза болгонун тастыктады.

“Украинадагы демилитаризация жана денацификация боюнча атайын аскердик операцияда тапшырманы аткарып жатып Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, теги кыргызстандык орус жараны Дорбоев Эгемберди Бекказымович баатырларча курман болду” деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Орусия элчилиги каза болгон аскердин жакындарына көңүл айтканы кошумчаланган.

Окко учкан жигит 19 жашта болгон. Анын сөөгү эртең, 23-мартта, Кара-Ой айылына коюлары кабарланган.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты