Украинадагы кыргызстандыктардын бир тобу Польша жана Молдовага жайгаштырылды

  • 2 года мурун

Украинада аба байланыш боюнча чек араларынын жабылышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигинен улам Украинанын аймагынан чыгууну каалаган КРнын жарандарын эвакуациялоо иштерин улантууда.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.

Украинадагы ардактуу консулдук көмөгү менен, кыргызстандыктардын тобу украин-польша чек арасынан өтүштү, азыркы кезде жарандар коопсуз аймак болгон Польшага келишти. Алар мейманканага жайгаштырылды.

Ошондой эле украин-молдова мамлекеттик чек арасынан өткөн жарандар мейманканага жайгаштырылды.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кыргызстандыктарды Украинадан эвакуациясы 27-февралда ишке ашпай калганын билдирген. Киев шаарынын мэриясынын чечимине ылайык, дүйшөмбү күнгө чейин коменданттык саат киргизилип, пландалган эвакуация 28-февралга жылдырылганын айткан.

Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук баракчасында билдирди.

Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын Украинадагы ардактуу консулдарынын жана Украинанын аймагында жашаган кыргыздардын активисттеринин жардамы менен коопсуз турак жайы жок Кыргызстандын жарандары үчүн атайын жайлар ырасталууда:

— Кыргызстандын Киевдеги элчилигинин аймагында, Киев шаары, Печерский району, Редутный проспектиси 19/34 дареги боюнча;

— Львов шаары, Полская көчө 6 дареги боюнча,

— Одесса шаары, Варненская көчө 3а дареги боюнча.

Ошол эле учурда Украинанын бүткүл аймагында карама-каршы тараптардын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатканына көңүлүңүздөрдү бурабыз, бул жолго чыгууда жеке коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн.

Министрлик Украинанын аймагындагы кырдаал жөнгө салынганга чейин жашаган жерлерде болууну сунуштайт.

Ошону менен бирге коопсуз турак жайларда жашаган мекендештерибизге жайгашкан жеринде калууну сунуштайбыз.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КРнын ТИМнин консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865

+996 709 983 465, +996 554 065 215.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты