Кыргызстандыктарды Украинадан эвакуациялоо мөөнөтү жылдырылды

  • 2 года мурун

Кыргызстандыктарды Украинадан эвакуациясы 27-февралда ишке ашпай калды. Киев шаарынын мэриясынын чечимине ылайык, дүйшөмбү күнгө чейин коменданттык саат киргизилип, пландалган эвакуация 28-февралга жылдырылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук баракчасында билдирди.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын аба мейкиндигинин жабылышын эске алып, европалык кесиптештеринен Кыргызстандын жарандары үчүн Украинага коңшулаш Европа өлкөлөрү аркылуу «жашыл коридор» түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнгөн.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия, Польша, Румыния аркылуу алып чыгып кетүү жолдорун иштеп чыккан.

Эвакуация боюнча Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго байланышуусу керек. Байланыш номери +380997573413, +380442370347.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты