Украин делегациясы Орусия менен сүйлөшүү өтүүчү жерге барды

  • 2 года мурун

Украинанын делегациясы Орусия менен сүйлөшүү өтө турчу Белорусиянын Гомель облусуна барды. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы кабарлады.

Украинанын президентинин администрациясынан билдиришкендей, делегациянын курамында «Слуга Народа» фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, президенттин кеңешчиси Михаил Подоляк, Үч тараптуу байланыш тобундагы украин делегациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Костя, депутат Рустем Умеров, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точиский бар.

Президенттин администрациясы сүйлөшүүлөрдөгү негизги маселе — ок атууну тезинен токтотуу жана Украинадан орус аскерлерин алып кетүү экенин билдирди.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский сүйлөшүү үчүн Беларустун Гомель облусу тандалып алынганын, ал жакка Орусия делегациясы жөнөп кеткенин билдирген.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Беларусь президенти Александар Лукашенко Украина президенти Владимир Зеленскийге телефон чалып, эки тараптуу сүйлөшүүгө көндүргөнүн, ортомчулук милдетти аркалап берерин айтканын маалымдаган.

Сүрөттө Гомель облусундагы сүйлөшүү өтө турчу мекеме.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты