УКМКнын окуу-машыгуу борбору ачылды

Бишкектин жанында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) окуу-машыгуу борбору ачылды. Борбордун ачылышына Президент Садыр Жапаров катышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Өткөн жылы жогоруда аталган азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарын эске алып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин демилгеси менен жаӊы окуу борборунун пайдубалы түптөлгөн. Бүгүн мына ал борбордун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилип отурат” деди Садыр Жапаров.

Борбордун аймагында машыгууга, тиешелүү билимдерин арттырууга, ошондой эле кызматкерлердин узак мөөнөткө чейин жашап, кызмат кылышы үчүн зарыл шарттар эске алынган. Аталган окуу борбордун курулушу бир жылда аяктады. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты