УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине катышты.

Президент акыркы 4-5 жылдын ичинде өлкөбүздүн бардык аймагында Коопсуздук комитетинин аймактык башкармалыктарынын имараттары оңдоп-түзөөдөн өтүп, бир тобу жаңы салынып, материалдык-техникалык базасы жаңыртылганын айтты.

Мындан тышкары быйыл борборубуздагы башкы штаб-квартира жаңыдан курулду, атайын кызматтын келечектеги кадрларын даярдоо үчүн УКМК Академиясы негизделип, заманбап шарттагы окуу комплекси ачылды.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы башкармалыктын тарыхына кыскача токтолду. Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, 1992-жылдын 22-октябрында Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмү түптөлгөн. Кийин улуттук коопсуздук бөлүкчөлөрүн оптималдаштыруу максатында 2002-жылы Чүй облусу жана Бишкек шаарын тейлеген бөлүм Чүй облусу боюнча башкармалыгы жана Бишкек шаардык бөлүмү болуп өз-өзүнчө бөлүнгөн. Оптимизациянын кийинки этабында 2005-жылы шаардык бөлүм Бишкек шаары боюнча башкармалык болуп өзгөртүлгөн. 2014-жылы Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгы болуп бекитилгенин белгиледи.

Президент борбор калаанын чекисттери 2014-жылга чейин 40 чарчы метрди түзгөн кичинекей имаратта иштеп келишкенин кошумчалады. 2014-жылы өз имаратына ээ болгону менен ал жакта деле толук кандуу иштөө шарттары камсыздалган эмес.

2024-жылы гана Комитет жетекчилигинин демилгеси менен жаңы имараттын курулушу башталган.

Эми башкы башкармалык жалпы аянты 5000 чарчы метрге жеткен заманбап имаратка жайгашты. Мында бардык зарыл шарттар түзүлгөн: керектүү материалдык-техникалык жабдуулар менен жабдылган, жарандарды кабыл алууга ыңгайлуу кабинеттери, спорттук комплекси, ашканасы жана башка керектүү заманбап шарттар бар.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты