УКМК ЖКнын төрт депутаты жасалма диплом колдонууга шектелип жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттин тапшырмасынын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун жана жарандыгын тактоо иштери уланып жатканын билдирди.

Мекеменин 14-марттагы маалыматына караганда, учурда Жогорку Кеңештин төрт депутаты, ЖК аппаратынын бир кызматкери, шаардык кеңештин үч депутаты, эки судья жасалма диплом колдонгон деп шек саналууда.

Шек саналгандардын арасында:

  • Эсеп палатасынын бир аудитору,
  • Ички иштер органдарынын 10 кызматкери,
  • УКМК Чек ара кызматынын бир кызматкери,
  • Мамлекеттик салык кызматынын үч кызматкери
  • Тышкы иштер министрлигинин алты кызматкери,
  • Экономика министрлигинен эки кызматкер,
  • Транспорт министрлигинен үч кызматкер,
  • Айыл чарба министрлигинин төрт кызматкери,
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинин бир кызматкери,
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бир кызматкери,
  • Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) бир кызматкери,
  • Бир медицина кызматкери,
  • 17 билим берүү кызматкери,
  • Социалдык фонддун бир кызматкери,
  • Эки банк кызматкери,
  • Төрт муниципалдык кызматтын кызматкери,
  • Муниципалдык аймактык башкаруунун бир адиси,
  • Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары,
  • Бир мэр,
  • Бир мурдагы мэр,
  • Бир вице-мэр,
  • Шаардык кеңештин бир кызматкери,
  • Райондук мамадминистрациянын бир башчысы,
  • Айыл аймагынын жети башчысы,
  • Айыл аймагы башчысынын эки орун басары,
  • Айылдык кеңештин беш депутаты бар.

Мындан тышкары кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча да бир коррупциялык схема текшерилүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында тогуз адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 кызматкер өз каалоосу менен жумуштан кеткен. УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими жана жарандыгына байланыштуу он миңдеген материалдарды текшерүүгө тийиш экенин билдирген. 12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты