УКМК Жети-Өгүз районундагы 145 га жер тилкесин мамлекетке кайтарды
- 1 год мурун
- Видео
УКМК багыты боюнча пайдаланылбаган жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатканын маалымдады.
“2008-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен Ысык-Көлдүн жанындагы 195 га жер тилкеси жеке адамга айыл чарба багытында пайдаланууга, алма бак тигүү максатында өткөрүлүп берилгени аныкталган. Бирок, көрсөтүлгөн мезгилде 50 га гана өздөштүрүлүп, максаттуу багыты боюнча пайдаланылган, ал эми калган 145 га такыр пайдаланылбай калган. Жогорудагыларды эске алуу менен, жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экенин жана ал максатсыз пайдаланылганын түшүнүп, менчик ээси ыктыярдуу негизде 145 га жерди Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып берди” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




