УКМК: Жалал-Абад облустук сотунун судьялары жана аймактык адвокатурасынын төрагасы кармалды

  • 4 недели мурун

Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары пара алууга, ал эми аймактык адвокатурасынын төрагасы аларга ортомчулук кылууга шектелип, камакка алынышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймактык Адвокатурасынын төрагасы М.А.М. коллегиянын судьялары менен ишеним мамилелерин колдонуп, сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаргандыгы үчүн пара берүүдө ортомчу болуп чыккандыгы такталган.

«Буга чейин Жалал-Абад шаардык соту тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын жараны Х.С.С. күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок областтын соттору Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. тарабынан соттолгон адамдын аракеттерин Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнөн 268-беренесинин 2-бөлүгүнө 8 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайра классификацияланган. Ошондой эле, башка мамлекеттин аймагында жүргөн, апасынын колунда болгон уулу 14 жашка чыкканга чейин өкүмдүн аткарылышын мыйзамсыз создуктурган»,- деп айтылат маалыматта.

УКМКнын маалыматы боюнча, Адилетсиз чечимдин натыйжасында соттолгон Х.С.С. камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун үч судьясы камакка алынганы айтылды. Ал эми 13-январда М.А.М. Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалганы белгилүү болду.

Ошондой эле, УКМК: «Белгилей кетсек, 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абадда массалык баш аламандык уюштурган деп Сузак райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган кыргыз жараны Н.Ш.ны камактан бошотуу жөнүндө атайылап адилетсиз чечим чыгарганы үчүн аталган судя М.А.М. 2012-жылы Жалал-Абад облустук сотунун судьясы болуп иштеген учурунда кылмыш жоопкерчиликке тартылган, ал дагы кийин укук коргоо органдарынан качып кеткен»,- деп билдирди.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты