УКМК жаңы имаратка көчүү алдында турат – Камчыбек Ташиев
- 1 год мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин жаңы административдик имаратка көчөрүн билдирди. Бул тууралуу ал, 31-майда “Регион” телеканалына берген маегинде айтты.
Анын айтымында, жаңы имарат мурдагысынан он эсе чоң болуп, заманбап талаптарга жооп берет. Ал эми учурдагы имарат 1982-жылы курулган жана тарыхый мааниге ээ жай катары мүнөздөлдү.
“Биз өзүбүздүн, мамлекеттин күчү менен салынган жаңы имаратка көчүп атабыз. Ал имаратыбыз бул имараттан он эсе чоң”, — деп билдирген Камчыбек Ташиев.
Бишкек шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан жаңы имараттын курулушу 2023-жылы башталган болчу.
Муну бөлүшүү




