УКМК төрагасынын тууганынын атын жамынган алдамчы кармалды

  • 12 месяцев мурун

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) С.А.Б. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө версиясына ылайык, С.А.Б. өзүн УКМК төрагасынын жакын тууганы катары көрсөтүп, жетекчи менен тааныштырып берем деген шылтоо менен жарандан 50 миң АКШ долларын, анын ичинде 20 миң долларлык автоунааны алдап алган. Ал акча “Silk Way” индустриалдык паркындагы соода түйүндөрүн сатып алуу маселесин чечип берем деген убада менен алынганы маалымдалууда.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, С.А.Б. Жазык аткаруу кызматынын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты