УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков бүгүн, 16-мартта, өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу ишкерлердин пикирин угууга, алардын көйгөйлөрүн талкуулоого ишенимдүү аянтча болоору айтылды.
Укук коргоо органдарынын негизги милдети — тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо. Аандыктан биз силердин ишмердүүлүгүңөргө негизсиз кийлигишүүдөн алыспыз. Тескерисинче силерге кандайдыр бир кысымдар болсо, коргоого даярбыз. Болгону ачык жана ак ниет иштеп бериңиздер” деп белгиледи УКМК төрагасы Шабданбеков.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер да өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышты. Алар текшерүүлөрдүн ачык-айкын жүргүзүлүшү зарыл экенин белгилешти жана бизнес коомчулугуна мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты көбүрөөк жеткирүү сунушун айтышты.
Өз кезегинде Шабданбеков буга чейин ишкерлерге кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жана административдик тоскоолдуктары жаралган болсо, баары мыйзам чегинде караларын кошумчалады. Бизнес-коомчулугу арасында да мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, кылмыштуу схемаларга аралашкандар болсо, алардын жоопкерчилиги тууралуу да эскертти.
2026-жылдын январь айынан тарта ишкерлерге негизсиз текшерүүлөр токтотулган.

Сүрөт: УКМК




