УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жыйын өткөрдү

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 25-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган жыйынга президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, (бүгүн Алтынбек Эргешов Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды-ред.) транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Нарын облусунун райондук, мамлекеттик администрация жетекчилери, шаар мэри жана  жергиликтүү башкаруу  органдарынын башчылары катышты.

Камчыбек Ташиев долбоорлордун басымдуу бөлүгү ишке ашпай токтоп турганын айтып, жетекчиликти сынга алды.

УКМК төрагасы 2025-жылы план боюнча Нарын облусуна бюджеттен  9,4 млрд акча каражаты бөлүнгөнүн, ал эми мамлекет башчысы Садыр Жапаров жакында эле президенттин фондунан Нарын шаарына кошумча 807 млн. сом бөлүп бергенин кошумчалады.

Андан соң, төрага облус жана шаардагы  негизги көйгөйлөргө четинен токтолду. Алсак, Нарында жол куруу иштери кечеңдеп, анын ичинде шаардагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн курулушу бир жылдан бери бүткөрүлбөй, жергиликтүү элдин нааразычылыгын жаратып жаткандыгы белгиленди. Мындан улам, аталган жолдорду курууга жооптуу “Бета Групп” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилди. УКМК төрагасы аталган негизги жолдорду Шералиев көчөсүн 10-августка чейин, ал эми Ленин көчөсүн 20-сентябрга чейин бүтүрүү талабын койду.

Облусту көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерин ар бир айыл өкмөтү колго алуусу керектиги айтылды. Мындан тышкары шаарда курулуп жаткан ипотекалык үйлөр үч ай аралыгында бүткөрүлүп, жарандарга берилээрин президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев убадалады.

Жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин суранычын  угуп, шаардагы транспорт көйгөйүн чечүүгө, айрым райондорго спорт комплексин, калкты тейлөө борборун курууга, коммуналдык чарбага жана райондордогу ички социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө керектүү акча каражаттарын бөлдүрүп берди.

Мындан тышкары Нарын аэропорту август айында пайдаланууга берилип, ички аба каттамдары жанданары кошумчаланды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жыйын өткөрдү

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты