УКМК: Премиум-класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкектин түштүк аймагындагы жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында премиум класстагы 20 батир жана коммерциялык жайлар мамлекеттин пайдасына алынды.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, “2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкесин курулуш компанияларына өткөрүп берүү учурунда, курулган турак-жайдын 13 пайызын муниципалитет алсын деген шарт менен келишим түзүлгөн. Бирок коррупциялык байланыштарды пайдалануу жолу менен соттун чечиминин негизинде милдеттенме келишимден алынып салынган. Кийинчерээк жер тилкеси үчүнчү жактарга кайра сатылып кеткен”.

“Тергөөнүн жүрүшүндө 3 блоктон жана премиум класстагы батирлерден турган «Президент» турак-жай комплекси учурда «В» курулуш компаниясы тарабынан  0,75 гектар жер тилкесинде курулуп жаткандыгы аныкталган. «В» курулуш компаниясы ак ниеттүү сатып алуучу катары мамлекетке ыктыярдуу негизде 14% (жер тилкесинин сатып алуу баасын эске алуу менен), башкача айтканда, 20 батир  жана 2 коммерциялык жайды жалпы аянты 2285 кв. м. өткөрүп берди” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты