УКМК пара алууга шектелген транспорт министрлигинин 13 кызматкерин кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) пара алууга шектелген транспорт министрлигинин 13 кызматкерин кармады

Маалыматта Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунда  коррупциялык схема аныкталганы айтылат. Анда аталган министрликтин кызматкерлери айдоочулардын тоскоолсуз өтүүсү жана ашыкча салмак үчүн ар бир унаадан 500 сомдон 10 миң сомго чейин алып турушканы маалымдалган.

УКМК бул схемада транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери да үлүшүн алып турганын билдирген.  Бул иш боюнча жалпысынан транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты