УКМК: Панфилов райондук электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Панфилов райондук электр тармагынын ага инспектору пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Панфилов РЭТинин кызматкерлери «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу (тармактардагы электр энергиясын уурдоо) боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн РЭТтин жооптуу кызматкерлери Н.К. аттуу жарандан 97 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.    

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган Опузалап пара алуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-мартында Панфилов РЭТинин ага инспектору К.Ж.К. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Айыпталуучу УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты