УКМК: Ош облустук ИИБ кызматкерлери жарандарга баңги заттарды атайылап таштап, акча опузалоого шектелүүдө
- 1 месяц мурун
- Видео
Ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери баңгизаттарды жарандарга атайылап таштап, андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартуусу үчүн акча каражатын опузалап талап кылуу менен кылмыштуу схемаларды уюштургандары аныкталды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматында айтылгандай, Ош облустук ички иштар башкармалыгынын айрым кызматкерлери жарандарды коркутуу жолу менен кыздарды мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына баңги затын атайлап салууга мажбурлашкан.
Андан кийин ал адамдарды мыйзамсыз түрдө кармап, акча каражатын талап кылуу максатында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына каттабастан, ар кандай милиция бөлүмдөрүндө убактылуу кармап турушкан.
УКМК Ош ОИИБдин ички чалгындоо кызматы менен бирге 1-августта, Өзгөн районунун аймагында Ош ОИИБдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери М.Э.А. жана Т.И.С. кармалды.
Кармалган кызматкерлерди тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган эки таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлдү.
Кармалгандар кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кылмыш ишин тергөө улантылып жатканы айтылды.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы