УКМК: Ош мэриясында тендерге байланыштуу коррупциялык схема ачыкталды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы аныкталганын билдирди.

Маалыматта Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары К.М. кызмат адамдары менен тил табышып, Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатынын жатаканасынын имаратын бузуу боюнча мамлекеттик сатып алуулардын жасалма процедураларын уюштургандыгы айтылат.

Имаратты бузуу иштери алдын ала — 2022-жылдын июль жана сентябрь айларынын аралыгында, тендер өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлганга чейин жүргүзүлгөн. Жумуштар белгиленген тартиптен тышкары жеке адамды тартуу менен аткарылган.

Мындан тышкары бузулгандан кийин калган, баасы 7 046 618 сом болгон курулуш материалдары мыйзамсыз сатылган. Бул фактыны жашыруу максатында материалдарды жараксыз деп табуу жөнүндө акт жасалмаланган. Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 7 713 028 сомду түздү.

Тергөө жыйынтыгы боюнча К.М. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 31-октябрындагы чечими менен ал күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып пул салынган, ошондой эле 6 713 028 сом өлчөмүндөгү зыянды өндүрүп берүү милдеттендирилген.

Ош облустук сотунун 2026-жылдын 9-февралындагы токтому менен өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.

Учурда айыпталуучунун кассациялык даттануусу Жогорку сотунда каралууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты