УКМК менен Ош ИИБ камактагыларды баңгизат менен камсыздоо каналынын бетин ачты

  • 5 месяцев мурун

УКМК жана Ош шаардык ИИБ менен биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “общак” деп аталган уюм көзөмөлүндө жана Жаза аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесинин кызмат адамдарынын камкордугунда иш алып барган баңги каражаттарын ташуунун жана сатуунун белгиленген каналы аныкталып жана токтотулду.

Маалыматта айтылгандай, бул кылмыш схемасы юстиция министрлигинин Ош шаарындагы ЖАК №25 мекемесинде кармалгандар – Кыргыз Республикасынын А.Т. аттуу жараны жана Тажикстандын Г,Г. Аттуу жараны  («Дженго» деген каймана ат менен белгилүү К. Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү) тарабынан уюштурулгандыгы, атайын мекеменин жетекчилигинин макулдугу менен аракеттендиги аныкталды.

Кылмышка шектүү катары Ош шаардык ЖАКнын №25 мекемесинин башчысы Ж.У., мекеменин башка жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, атайын мекеменин аймагына баңги заттарды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн системалуу түрдө акы алып турган.

Азыркы схема боюнча, Г.Г, Тажикстан Республикасынын Согди облусундагы өз каналдары аркылуу, Ош шаарындагы №25 мекемесинде иши тергелип жаткан, камакка алынган жана соттолгон адамдарга баңги каражаттарды өткөрүп берүү жана сатуу үчүн ай сайын жеткирип турган.

Баңги каражаттардын сатуудан түшкөн каражаттар ЖАКнын №25 мекемесинин башчысы Ж.У. жана «положенец» деп аталган А.Т. жана башка баңги каналдарынын башка катышуучуларына бөлүштүрүлгөн.

ЖАКтын Ош шаарындагы №25 мекемесине баңгизаттарды өткөрүү аракети учурунда, тамак-аш азыктарынын арасына катылган 1 кг салмактагы «ооган гашиши» табылып алынган.

Мындан сырткары Ош шаардык ИИБ кызматкерлери тарабынан  №25 тергөө камак жайга баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган И.М., С.А., К.А. жана К.А. аттуу жарандар кармалды.

Кармалган И.М. жана К.А. жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө, ошондой эле Ош шаарындагы №25 мекемесине өткөрүп берүү жана сатуу үчүн арналган, жалпы салмагы 1,3 кг болгон «ооган гашиши» түрүндөгү баңги заты табылган.

УКМК жана Ош шаардык ИИБ менен бирге белгиленген кылмыштуу схемага катышкан камактагылардын камераларында тинтүү жүргүзүлүп, баңги заттары жана башка тыюу салынган буюмдар (уюлдук телефондор, заряддоочу түзүлүштөр, бычактар) табылып алынган.

Азыркы учурда №25 мекеменин башчысы Ж.У. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү — И.М., С.А., К.А. жана К.А. Ош шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты