УКМК массалык баш аламандыкка шектүү кармалганын билдирди
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Массалык баш аламандык) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, К.М.М. аттуу жаран кармалганы маалым болду.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
“Ал «Элге акыйкат керек», «Айта берем кайта берем», «Кыргыз коому», «Саясат, талкуу ой пикир», «Кыргызстан аңга баратат», «Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!» аталышындагы “WhatsApp” топторунун администратору болгон. Тактап айтканда, К.М.М. аталган мессенжерде ар кандай топторду түзүп, республикадагы коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү жолу менен массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаганы аныкталган” дп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК К.М.М. 2024-жылдын 17-майынан 18-майына караган түнү Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандыктарды уюштурууга түздөн-түз тиешеси бар экенин белгиледи. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мөөнөттө К.М.М. “WhatsApp” аркылуу “Бирик кыргыз” жана “Манас атанын урпактары” топторун негиздеген, ал аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды таратканын да кошумчалады.
К.М.М.га карата УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Сүрөттө: Шектүү. УКМК басма сөз кызматы