УКМК кызматкеримин деп алдамчылык кылган жаран кармалды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жасалма күбөлүк колдонуп, өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт койду. 

Маалыматка ылайык, ал системалуу түрдө адамдарды алдап, ар кандай шылтоолор менен акча талап кылып келген. Н.А.М. аттуу жаран А.М.М. 500 миң сомду опузалап алганын айтып, УКМКга арыз менен кайрылган.

2025-жылдын 23-июнунда шектүү жасалма документ менен кайрадан УКМК кызматкеримин деп таанышып, пара алып жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан атайын формадагы сүрөтү бар жасалма күбөлүк табылган.

Учурда А.М.М. Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты