УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы курулуштар убактылуу токтотулганын маалымдады

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 11-февралда кыргыз-тажик чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар убактылуу токтотулганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

«Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат жерлигинде кыргыз тарап чарбалык жумуштарын жүргүзүп башташкан. Максат айылынын жанында иш жүрүп жаткан учурда Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан. Мындан тышкары Тажикстандын жарандары чек аранын тактала элек тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдык иштерин башташты. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү маселеси макулдашылды”, — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Чек ара кызматы Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, чек аранын бул тилкесиндеги бардык иштерди токтотууга макулдашканын кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган аймакта чогулган жарандар тарашты. Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Азырынча Тажикстандын расмий органдары бул тууралуу маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты