УКМК: Кара-Суу райондук мамлекеттик салык кызматында коррупциялык схема аныкталды
- 12 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, С.Л. ЖЧКсына салыктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Кара-Суу району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары А.А.М. кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетти комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2023-жылы мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары А.А.М. кызмат абалынан кыянат пайдаланып, С.Л. ЖЧКсы менен бирге салык төлөмдөрүнөн качуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган.
Салык органынын кызматкерлери милдеттүү салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап азайтышкан. Мындай кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде Кара-Суу райондук МСК башкармалыгынын башчысынын орун басары А.А.М. кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча шектүү катары айыпталды.
22-июлда Ош шаардык соту тарабынан А.А.М.УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.




