УКМК: Кара-Балта шаар мэриясынын кызмат адамдары кармалды
- 1 год мурун
Кара-Балта шаарын өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн 1 миллиард сомдук акча каражатын өздөштүрүүнүн алкагында, товар жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү учурунда катталган мыйзам бузуулардын негизинде – шаардык мэриянын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук малекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2024-жылдан азыркы учурга чейин Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу, асфальт-бетон төшөө жана «Кербен» базарын куруу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн тендер өткөрүлүп, анда О К жана Р. С ЖЧКлары жеңүүчү деп табылган.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Кара-Балта шаардык мэриясынын «Капиталдык курулуш башкармалыгынын» мурдагы директору Б.А.С., кызмат абалынан пайдаланып, кызматкерлерди ортомчулукка түртүп, аталган тендерлерди жогоруда көрсөтүлгөн ишканалардын пайдасына чечкендеги үчүн сый акы алган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө такталгандай, бул иштерди Б.А.С. Кара-Балта шаарынын мэри Д.М.Рдин көрсөтмөсү менен жасаган.
О К жана Р С ЖЧК келишимдерде көрсөтүлгөн суммалардын 7 ден 15% пайызга чейинки бөлүгүн, шаардык мэриянын «Капиталдык курулуш башкармалыгынын» сатып алуу боюнча адиси И.Р.О.го өткөрүп берүүгө аргасыз болушкандыгы болжолдонууда.
Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык, келтирилген зыяндын көлөмү 26 миллион сомдон ашкандыгы аныкталды.
Чогултулган материалдардын жана тергөө ыкчам материалдарынын негизинде 2025-жылдын 15-июль күнү аталган кызмат адамдары Б.А.С., Р.Р.О. жана И.Р.О. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.



Иллюстрациядык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: УКМК басм сөз кызматы




