УКМК Бишкектеги №67 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген, аянты 751,2 кв.м. имаратты мамлекетке кайтарды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жалпы аянты 751,2 кв.м. болгон Бишкек шаарындагы №67 мектептин жеке имаратын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу фактысы болгон деп эсептейт.
УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, 1988-жылы Бишкек шаарындагы №67 мектептин имаратынын базасында кошумча компьютердик кабинеттер — СССР илимдер академиясынын илимий-окуу комплексинин Фрунзедеги филиалынын Космос илим-изилдөө институтунун атайын конструктордук бюросунун (АКБ КИИ) муктаждыктары үчүн 11 окуу кабинети (1-кабат) жабдылангандыгы аныкталган. Аталган АКБ КИИ кийинчерээк АКБ «А», ал эми 1992-жылы «А» акционердик коому болуп өзгөртүлгөн.
Кийинчерээк социалдык объектилер үчүн менчиктештирүү жол-жобосун жүргүзүүдө белгиленген тартипти бузуу менен ал жайлар жеке менчикке сатылган.
Мекеменин ээси менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузуулар фактысы менен макул болгон жана жайды мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берген.
Жогоруда аталган жай мектеп окуучуларын ЖРТга даярдап жана бул жаатта билим берүү мекемесинин бири тарабынан пайдаланып жаткан. Ал жай мамлекеттин карамагына алгандан кийин, ижарачылар ижарага алышса болору эскертилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы